Сапар Исаков Жээнбековго:  Эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кулашына алып келет

Сапар Исаков Жээнбековго:  Эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кулашына алып келет

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартууга каршы доо арызы каралды. Соттун жүрүшүндө мурунку премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго  кайрылды.

Кайрылуунун текстин келтиребиз:

«Мен бул жерде эмнеге отурганыбызды түшүнбөй жатам. Бул укуктук чеги жоктук, бийлик менен макул болбогондорду эмне күтөөрүн көрсөтүү менен башкаларды коркутуп атышат. Бизди мыйзамды аткарганыбыз үчүн айыпташууда.

Айып корутундусунда «Исаков Кытай өкмөтүн кысмакка алган» дешиптир. Уксаңар, Кытайдын бийлигин кысмакка алгандай Исаков ким болуп кетиптир.  АКШ менен Кытайдын ортосунда соодалык согуш жүрүүдө. Кытай бир жолу дагы өзүнүнүн позициясын берген жок. Бул болбогон айыптар.

Жээнбековго кайрылгым келет.  Эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кыйрашына  алып келет. Эмне үчүн мен бул чечимге келдим? Жээнбеков Си Цзиньпин менен жолугушуусунда «Кытайдын гранттык жардамы Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтты.  Ал абдан жакшы сөздөрдү айтты. Бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча Кытай компаниясынын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдирди. Бул эмне? Бул эки жүздүүлүк. Ошондуктан, мен буга көңүл буруп жатам. Өзүңөргө өзүңөр каршы чыкпагыла. Эгерде Кытайдын жардамы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү деп айтсаңыз, анда сотто дагы ошол ойду карманыңыз. Кантип ЖЭБди оңдоо иштери өз максатына жетпей калды? Ал өз максатына жетти жана Кыргызстан Кытайдын алдына койгон бардык талаптарга жооп берет.  Ошондой эле Кытай бийлиги  бул мамлекеттик кытай компаниясына кепилдик берип жатканда, долбоорду ишке ашыруунун сапаты жана мөөнөтү жагынан да  жоопкерчилик алышкан.  

Бир жылдан ашык убактан бери Тергөө изоляторунда отуруп, биз бардык тарабын ойлонуп чыктык. Кээ бир учурда, балким,  өзүбүз бир жерден ката кетиргендирбиз деп ойлодук. Бирок күн өткөн сайын биз баарын туура кылдык, мыйзамдагы жана келишимдеги норманы так аткардык деген тыянакка келип жатабыз.

Бийликтегилердин эң башкы максаты элге бейпил жашоо, энергетикалык көз карандысыздык түзүп берүү,  өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрө турган улуттук долбоорлорду ишке ашыруу.  Мына ушул эң башкысы! Мен бул максаттарды биз эң жакшы аткарганбыз деп ойлойм.

Бул бийлик кайсы улуттук долбоорду ишке ашырды? Бир дагы улуттук долбоор жок. Бул айып менен сиз ШКУнун келечектеги көптөгөн долбоорлоруна, Кытайдын насыяларына жолду жаап жатасыз. Мындай шарттар менен насыяны бизге Кытайдан башка ким берет? Бүт дүйнө ШКУнун алкагында, ошол эле шарттар менен  насыя алат.  Биз мындан ары кантип өнүгүшүбүз керек? Мен бүгүн бийлик  мамлекеттин экономикасын,  келечегин кантип жок кылып жатканын  карап тура албайм.  Келечек тууралуу ойлонуш керек,  отурган отургучуңду балта менен  сындыра чабуунун кереги жок. Бул абдан маанилүү. Уксаңар.

Урматтуу сот! Бүгүнкү күндө мыйзамдын нормасын бузбай, жөн гана так аткаруу абдан маанилүү.Чындык биз тарапта,  эртеби же кечпи бул баарына маалым болот.

Бүгүнкү күндө бизди каралаган кампания күндө жүрүп жатат.   Бизди укмуш коррупционер кылып коюшту.  Бирок, иштин эч бир материалында биздин байып кеткенибиз же каржылык куралыбыз  бар экендигин далилдеген бир дагы факты жок. Булардын эч бири болгон эмес.  Бизди айыпташып, муну кызматтан көтөрүлүү үчүн жасаганыбызды айтышты. Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиев – пенсионер. Ал үйүндө неберелерин карап отурган, ал премьер болуп бүткөн.  Каяктагы карьера? Мен тууралуу да, башкалар тууралуу да ушинтип айтышат. Бул болбогон сөз. Урматтуу сот,  мен адвокаттардын өтүнүчүн колдойм жана сиздин дагы  колдошуңузду суранам».